ЭЛДИК ВИДЕО: Социалдык тармакта кыргызча ыр окуган орус кызы талкууга алынууда
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Шайлообек Дүйшеев - "Эне тилин унуткандар" чыгармасынын үзүндүсү" аталышындагы видео жүктөлдү. Видеодо орус улутунун кызы абдан берилүү менен, эч катасы жок ыр саптарын эркин айтып жатканын байкоого болот.
Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, алтургай ырларды окуган кыздын аты Анжелика Асанова.
"Бул видеону жазганыма көп убакыт болду. Видеонун тарыхы Юрий Бобковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорунан башталат. Тагыраагы, долбоорго катышып жатканда тарткам. Ушул жергиликтүү телеканалдардын бирине чыккандан кийин Фейсбук социалдык тармагына да тараган. Колдонуучулар тарабынан жакшы кабыл алынгандыктан, Инстаграмдагы баракчама чыгарып койдум", - дейт ал.
Кошумча маалымат: Анжеликанын атасы немис улутунан. Ал эми таятасы татар, таенеси орус улутунан болот. Анжелика таятасынын фамилиясын алып жүрөт. Документте улуту орус деп жазылган.
Анжелика Асанова

Дем алгандын баарынын журок согушу бар.
Аттын да карасы ,торусу бар.
Кыргыздын да,кыргызча суйлогон Орусу бар.
Кыргыздар деле олду дегенде 2 тилди билишет.
КЖда жашаган башка улуттун окулдору ошол элдин тилин билиш керек