super.kg logo

"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борборунун директору угармандардын суроолоруна жооп берет

 

18-июль күнү саат 11:00дө “Марал” радиосунун түз эфиринде "Бакай Банктын" Ислам каржылоо борборунун директору Талант Керимбаев исламдык каржылоонун өзгөчөлүктөрү, негизги принциптери жана угармандарды кызыктырган суроолорго жооп берет.

Азыркы учурда Ислам каржылоо борборунун кызматына кызыккандар көбөйүүдө. Бирок ошол эле учурда тургундар каржылоо борборунун кызматынын бардык баскычтарын түшүнө албай келишүүдө. Мындан улам түз эфирде Талант Керимбаев Ислам каржылоо борборунун иши менен кенен тааныштырат.

Түз эфирге суроолорду сиз республиканын бардык аймактарынан жиберсеңиз болот. Ошондой эле “Бакай Банкынын” социалдык тармактагы официалдуу баракчалары болгон Фейсбук, Инстаграм жана 0 555 61 00 11 номери аркылуу WhatsApp’ка жөнөтсөңүз болот. Суроолор эфирдин аягына чейин кабыл алынат.

Уктуруунун өзгөчөлүгүндө Талант Керимбаев угармандарды кызыктырган суроолорго Ислам каржылоо борборунун адистерине байланышка чыгып, жеринен жооп алып бермекчи.

Андыктан бардык радио угуучуларды 88,5 жыштыгында жайгашкан Марал радиосунда Талант Керимбаевдин катышуусундагы эфирине кошулууга чакырабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: