super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров жаштар арасындагы Европа кубогунда коло медаль тагынды

 

Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров Венгрияда өткөн жаштар арасындагы "Atom Cup" аттуу Европа кубогунда коло медаль утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.

Пакш шаарында орун алган мелдеште 30 өлкөдөн барган 418 спортчу 16 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров 3-орунду ээлеп коло медаль тагынды.

Эрлан Шеров 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач словениялык Ален Вучинаны утуп, 1/32 финалда украиналык Дмитро Цюхка жеңилип калды. Украиналык спортчу финалдык этапка чейин жеткени үчүн Эрлан Шеров көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алып, анда Монтенегро, Словения жана Чехиянын спортчуларын утуп алды. Бул жеңиштери үчүн Шеров коло медаль үчүн беттешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, анда сербиялык Уроса Мадзаревичтин үстүнөн жеңишке жетти.

Муну менен Эрлан Шеров Кыргыз курамасынан медалга ээ болгон жалгыз спортчу болду. Асад Масабиров, Аскарбек Ишенбаев, Аман Ишенов жана Керим Казатов көңүл жубатуучу раундда жеңилүү ызасын тартып 7-орунга ээ болушту.

Айта кетсек, бул спортчулар 16-19-июль аралыгында Пакш шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп, 21-22-июль аралыгында Чехиянын Прага шаарында "Prague-2018" жаштар арасындагы Европа кубокторуна катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.07.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: