super.kg logo

Бишкектин мэрлигине талапкер катары Нариман Түлеев, Темир Сариев, Иса Өмүркуловдун ысымдары аталууда

 

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан бери 3 күн өтүп, калаа башчысы кызматына талапкер катары ар кандай ысымдар аталууда. Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештин фракцияларында, коалицияларында жана премьер-министрде бар. Мэр жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.

Айрым булактарга таянсак, мэрликке төмөнкү адамдардын талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн. Алар:

1) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов. Ал 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2) Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев. Ал 2012-жылдан тарта шаардык кеңештин акыркы 2 чакырылышынын депутаты. 2017-жылдын декабрь айында аталган кеңештин төрагасы болуп шайланган.

3) Экс-депутат Нариман Түлеев. 2008-2010-жылдары Бишкектин мэри кызматын аркалаган. 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. 2012-жылы Түлеев "мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген" деп айыпталып камакка алынган. 2013-жылы 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 2015-жылы 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулган. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.

4) Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан экс-депутат Азиз Суракматов. Ал 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, 2010-2015-жылдары парламенттин депутаты болгон.

5) Саясатчы Темир Сариев. Ал 2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 43,3 миң добуш (2,55 пайыз) топтоп 4-орунду ээлеген. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт.

6) Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жамалбек Ырсалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
16.07.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен бул беш талапкердин арасынан татыктуусу жок деп эсептейм.
16.07.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Түлеевди калп эле кошо бербесеңер соттулугу жойула элек да.
16.07.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нариман Тулеев
16.07.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Исп Омурккудрвдо не бар деймда
16.07.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бет деген жок экен
16.07.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уялбайт экенсинерда. Сариев кызматынан миллиондорду жеп салган деген чуу менен кеткен эле эми эч нерсе болбогондой тамак синиргендей кайрадан столго отурганы атышат. Мен президент болсом буларды мэрлике талапкер эмес олум жазасына талапкер кылмакмын.
16.07.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бет дегенден берген экенда а....
16.07.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанар Акаевди корсотсо болмок
16.07.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман Тулеев убагында жакшы иштеген
16.07.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талапкер калбай калгандай кайра эле корупционерлерди мэр кылып шайлашты эмне кереги бар.
16.07.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупция иштерине айыпталган мамлекеттик чиновниктердин ичинен Нариман Тулеев кана келтирди деген чыгымдарды толук толоп , турмого олтуруп чыкты.бул жагынан эркек экен.башка любой кармалган же айыпталган жегичтер сразу эле ооруп больницага жатып дагы башка фокустар аркылуу жоопкерличиктен кутулуп кетишет.же жеп жеп алышып кармалганда бет жоктонушуп саясий буйрук деп элди кочого алып чыгышып митинг уюштура калышат.
TalaCSKA түзөттү 2018-07-16 19:12:38
16.07.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тулеев жакшы иштеген
16.07.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онолбойт экенбиз. Айланып эле эски жегичтер келет бийлике. Шорубуз коп эл экенбиз...
16.07.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тулеев жакшы иштеген, АША Тулеевти көрөалбай камап салып, коррупционер Өмүркуловду Мэр кылган
16.07.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түлеев эң татыктуу жакшы мэр болот.
16.07.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баягы эле бир казандан тамак уурдап жегендер.
16.07.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман Түлеевди койсо жакшы иштейт, буга чейин мэр болуп турганда да жакшы иштерди жасаган.
16.07.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Меербек Мискенбайып дагы койуптур,99% шанс бар экен мер болушуна,эми Бишкек гулдоп осот буйурса.
17.07.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кадрлар келсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: