super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Заманбап суу эсептегичтер орнотулган жерден чыккан суудан жагымсыз жыт чыгууда" дейт окурман

 

"Заманбап суу эсептегичтер орнотулган жерден суу чыгып, жайкысын жагымсыз жыт чыгууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Жалал-Абад суу канал" башкармалыгы шаардын көчөлөрүнө заманбап суу эсептегичтерди коюп жатат. Шаардын Матросов көчөсүнө жолду казып, жаңы суу түтүктөрүн орнотушту. Түтүктөр орнотулгандан кийин жолду түздөбөстөн эле эптеп көмүп коюшту. Мунусу аз келгенсип, жаңы эсептегичтер орнотулган тосмонун түбүнөн суу агып, күн ысыгында суудан жагымсыз жыт чыгып, көчөнүн тургундарына ыңгайсыздык жаратууда", - дейт окурман.

Окурман тийиштүү мекемелер өз жумушун так аткарбай, тургундарга ыңгайсыз абал жаратып жатканына нааразы.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тиешелуу жерлерге звонок кылып,элге жооп алып берсениздер жакшы болмок.Кээ бир элден келген билдируулор жоопсуз калууда.
16.07.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул саркынды суу. Ар бир уй саркынды суусун кочодогу арыка акырын алып чыгып кошуп койот. Саркынды суудан жагымсыз жыт чыгат ысыктын кунундо. Автор суу эсептегичке шылтабай ошол саркынды сууларды кочого агызгандар жонундо жазсан болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: