super.kg logo

Орусиядагы Кыргыз жарандары президент менен депутаттарды миграция көйгөйүн чечүүгө чакырды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июнда мигранттарды каттоо эрежелери боюнча мыйзамга кол коюп, мыйзам 8-июлда күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар жашаган жери аркылуу гана каттоого туруусу зарыл экендиги көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, чет өлкөлүк мигранттардын мурдагыдай иштеген жерине каттоого туруусуна тыюу салынган. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, мыйзамды бузган чет өлкөлүк жарандар Орусия аймагынан чыгарылып, жумуш берүүчү тарап 800 миң рублге айыпка жыгылмакчы.

Бул жагдайга Орусияда иштеген Кыргыз жарандары тынчсызданып, өз пикирлерин социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдиришүүдө. Алардын бири Санкт-Петербург шаарында жашап жана иштеп жүргөн Бакыт Сулайман аттуу Кыргыз жараны президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаттарына видеокайрылуу жасап, көйгөйдү чечип берүүнү өтүндү.

"Урматтуу биздин эл шайлаган президент Сооронбай Шарипович, урматтуу депутаттар, мен, Бакыт Сулайман, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан жалпы Орусияда жүргөн мекендештердин атынан атайын кайрылуу жасап жатам. 8-июлда Орусияда мигранттарды мурдагыдай иштеген жерине каттоо токтотулуп, жашаган жери аркылуу гана каттоого турууга болот деген миграциялык жаңы мыйзамга кол коюлду. Орусиянын жарандары деле факты түрүндө каттоого турган жеринде жашабайт. Бул чет элдик мигранттарга, анын ичинде Кыргыз жарандарына абдан көйгөйлөрдү жаратат. Футбол бүтө электигине байланыштуу Орусиянын укук коргоо органдары рейддерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүшө элек. Ошентсе да Москвада жана башка ири чоң шаарларда бир аздан болсо да башталды. Ошондуктан ЕАЭБдин алкагында, мамлекеттик деңгээлде бийлик өкүлдөрү Москвага келип, бул маселени атайын чечип берүүгө аракет кылып көрсөңүздөр. Болбосо, мен сыяктуу миллионго жакын мигрантка кыйынчылык жаралууда. Бизге ЕАЭБдин алкагында мурдагыдай эле иштеген жерибизде каттоого турууну калтырууну сурап көрсөңүздөр. Антпесе мигранттардын 99 пайызы башка жактарга каттатуу менен иштеп жатышат. Себеби чоң-чоң шаарларда эч ким өзүнүн үйүнө 3 айлык каттоого турууга уруксат бербейт. Каттоого турган учурда дагы бир батирде 20-30дан болуп жашагандыктан баарын каттоого тургузууга мүмкүн эмес. Ошондуктан биздин көйгөйдү чечип берсеңиздер", - деп кайрылды Бакыт Сулайман.

Белгилей кетсек, миграциялык жаңы мыйзам күчүнө кирген күндөн бир күн өткөндөн кийин Таганск районунда полиция кызматы 70ке чукул Кыргыз жаранын кармап, райондук полиция бөлүмүнө жеткирип текшерүүгө алышкан. Көпчүлүгү документтери туура болгондуктан үйүнө коё берилсе, 30у бөлүмдө кармалып отурушкан.

Орусиядагы Кыргыз элчилигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, кармалгандардын баары ошол күнү үйлөрүнө чыгарылган. "Кармалган Кыргыз жарандарынын баары ошол күнү үйлөрүнө жиберилген. Бирок мындай текшерүүлөр мындан ары да жарыяланып турат", - деп билдиришти элчиликтен.


кошулду





Миграция мыйзамынын катаалданышы мигранттарды түйшөлтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(16)
16.07.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жок дегенду ушуну чечип берсе жакшы болмок чондор. Жаны окмот эч бир корунуктуу иш жасаган жок вобще. Ушуну чечсин жок дегенде жепжутарлар
16.07.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ask094,Кайсы мамлекетте жүрсөн ошо мамлекеттин законуна баш ийесинда.Бизде кудага шүгүр эле башкалардай тажик озбектердей болуп 3 ай сайын чыкты кирди кылбай патентти 4500 рублдан төлөбөй атканыбызга сүйүнсөн.Чечип берсин дей калбай.Кой деген сайын орустар койдой куйрук албай.Аларда тилемчиге окшоп келе бермек беле өзбектер кынк этпей журушотко эмесе алардын президенти эмесе кыйынго чем биздикине караганда.Мен деле иштеп жүрөм закондоруна баш ийип.
17.07.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guji,биз баш ийбей эмне кылып атыптырбыз сенин паспортун орус ошого кенен суйлоп атасын же тушунбойтасын жаны законду. Азыр эч кандай квартира каттого тургузбайт мтгранттарды тентийбербечи
17.07.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ask094,Паспортум Кг эле кечиресин законун абдан жакшы тушунуп атам кудага шүгүр эле
16.07.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Биз алыскы кичинекей шаарчаларда жүрөбүз иштеп,каттообуз жашаган батирибизде,ишибиз трудовой договор түзүп берген.Аллахка чексиз шүгүр деп жүрүшүбүз керек экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-17 11:10:30
16.07.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мигрантарды эптеп чыгарыш үчүн жасалган мыйзам.Үй ээлери эч качан регистрация кылбайт налог төлөп калабыз деп.
16.07.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул саясат илгертеден бар бугун эле козголуп калган жок!!
Мисалы; Мен да 2014-жылы Сочидеги олимпиада кезинде кудум ушул жагдай менен депорт болгом 5 жылга. Мигр.карточкада корсотулгон жерде жашабайт экенсин деди эле мен жумушума байланыштуу ушул райондо туруп жатам дедим. Баары бир депорт басты. Еще 7000р штрафы бар.
Естесственно, штрафын тологон жокмун и толобойм да!!
16.07.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Чечип бериниздер, бир квартирада 20-30 адам болуп жашайбыз дейт, тообо... Ушинтип жашайт экен карап коюнуздар деп кантип айтат биздин ажо бужуройуп?Уят ошентип жашаган! Элестеткиле биздин деле Бишкекте башка улуттар 20-30 адам бир кв жашап кошуналарды,тажатып жатышканын. Адамсынбы адамдай жаша, жашай албайсынбы, уят кылбай Кыргызстанда эле жур!
16.07.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
altyn7776,Чет жерде мигрант болуп корбогондон кийин антип суйлогонунор болбойт.Жыргап журот дейсинерби?алганы 25-30мин кварплат ар бири 5-6мин толоп жашайт антпесе эмнеге жетмек эле?Анысы аз келгенсип айлыктарды дайым кечиктирип берет,Ким эле кенири жашагысы келбесин?20-30 адам жашабайт бирок ,4-5 адамдан коп жашашат.Алма туш деп жата берсе да болбойт бул заманда,кыргызстанда туруп иш жок деп арызданса айтмаксынар жата бербей иште деп.Ким кандай абалда болбосун эптеп жанын багып жатат,айла жок!
pixduel1 түзөттү 2018-07-16 23:03:07
17.07.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
altyn7776,бекерчиликтен антип жашап жаткан жок сенде бар баш ошончо мигрантта да бар кичине ойлонуп жазсаңар
16.07.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул маселени чечип берсенер Кыргызстанга чон иш кылган болосунар, азыр ар бир уйдо аз дегенде бирден мигрант.
17.07.2018. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу супер инфо силерден сураныч ушул маселени тиешелүү органдарга жеткирип бергиле
17.07.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnyr19,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
17.07.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт байкеге рахмат.ушунча калктын койгойуно маани берип жатканына.
17.07.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул Орус мамлекети Кыргызстанды Жээнбековду "кукла" кылуунун дагы бир амалы ушинтип мигрантарды кысуу, куйуучу майларды кымбататтуу. Эми канчалык кыссада Жээнбеков кыргыз кызыкчылыгын алдырбаган башчы болсо болду Атамбаевке окшоп козго басаар обьектилердин баарын откоруп салбай. Россия биздин досубуз дегендер ойгонгула, Россия омуру дос болгон эмес, Кыргыздар колониясы болуп жашаганбыз.
17.07.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев айдоочу куболук маселесин чечип берип кооп инсандын маселесин чечип берди эле. Азыркы бийликтин ишин Эми коробуз да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: