super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов: "Мэрди жарандар шайласа, депутаттардын кереги жок болуп калат"

 

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Рысбай Аматов мэрди түз шайлоо Конституцияга каршы келерин айтты.

"Парламентаризмде жарандар эл өкүлдөрүн өздөрү шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо 45, 31 же 21 депутаттан турган шаардык кеңештин курамына тең келген мэрди шайлап алып, ал депутаттардын кереги жок болуп калат. Ошол эле бардык жалпы массалык 41 депутат алган добушту бир эле мэр алып, эл арасында тирешүү пайда болот. Мэр көзөмөлдөн чыгып эл алдында, депутаттардын алдында отчёт бербей, өзүнчө хан пайда болуп калат. Жоопкерчилик болсун деп мэрди депутаттар шайлашы керек. Мэр депутаттарга отчёт берип, алардын көзөмөлүндө туруусу зарыл. Эл өзүнүн өкүлүнө добуш берет. Депутаттар чогулуп элдин атынан мэрди шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо, кээ бир акчалуу саясий күчтөр өтүп кетиши мүмкүн. Ар кандай "Ислам мамлекети" сыяктуу коомдук бирикмелер өздөрүнүн кишилерин жөнөтүп, байкатпай бир шаарды алып коюшу мүмкүн", - дейт Аматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: