super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев: "Иштейм деген мэр кимдер тарабынан шайланса дагы жакшы иштейт"

 

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев төмөнкүдөй жооп берди.

"Мыйзамга өзгөртүү киргенде "мэрлерди депутаттар шайласын" деген норма кирип калган. Анткени депутаттарды эл шайлап жатат. Мэрди депутаттар шайласа да, эл шайласа да айырмасы жок. Иштейм деген таза мэр ким тарабынан шайланса деле иштейт. Эл "биз шайласак, биз түз мэрден сурай алабыз" деп айтып келет.

Бүгүнкү күндөгүдөй мэриянын эшиги жабык болсо, астында милициялар отурса, эл кантип сурайт? Мен өткөндө эшиктердин жабык турганы боюнча маселе көтөргөм. Элдин мэрге, вице-мэрлерге, жетекчилерге киргенге мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул маселени аягына чейин чыгарам", - деди Мүзүралиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Рысбай Аматов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: