super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Мэрлерди шайлоодо ар кандай саясий оюндар болуп жатат"

 

Жакында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулганына байланыштуу мэрликтен кеткен. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Коомчулукта эки чоң шаардын мэрин эл түз шайлашы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын эл түз шайлаганы туурабы?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова төмөнкүдөй жооп берди.

"Мэрлерди шайлоодо ар кандай саясий оюндар болуп жатат. Эл мэрди түздөн-түз өзү шайласа, элдин кызыкчылыгы үчүн иш кылат. Мэр, айыл башчылары аткаруучу бийлик болуп эсептелет. Аткаруу бийлиги менен депутаттар тыгыз иштеши керек. Экөө бир команда болуп иш алып барышы зарыл. Көпчүлүк коалицияга кирген партиялар эл алдында убада кылган программаны ишке ашырышы керек, ошол үчүн өзү түзгөн аткаруучу бийликтин үстүнө бул ишти жүктөш керек.

Мэрди сунуштаган коалиция анын аткарган ишине жоопкер болуусу шарт. Мэр иштей албаса, кеңештеги көпчүлүк коалициясы элдин алдында жооп бериши керек. Демек, алардын элге берген убадалары ишке ашкан жок. Элдин добушун аткарышкан жок. Сапаттуу кызматташтыкты өнүктүрүшүбүз керек. Жеке маселелерге, саясий кызыкчылыктарга өтпөө зарыл", - деди Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Рысбай Аматов, Канатбек Мүзүралиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: