super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Базар-Коргондо жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган көпүрөдөн жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатып көпүрөнү жарактан чыгармай болду" дейт окурман

 

"Базар-Коргондо жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган көпүрөдөн жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатып көпүрөнү жарактан чыгармай болду" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, жөө жүргүнчүлөр үчүн салынып, ишке берилгенине аз гана убакыт болгон көпүрөнүн абалы күн өткөн сайын начарлап барат.

"Базар-Коргон районунун борбордук базары менен Жипром, Могол айылдарын байланыштырып турган көпүрөнүн ишке берилгенине аз гана убакыт болду. Көпүрө жөө жүргүнчүлөр үчүн салынганына жана атайын жол белгиси турганына карабастан, ал жактан жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатат. Мындан улам көпүрөнүн абалы күн санап начарлап баратат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.07.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айткыла, ХХХХХХХ кулактарга, отуп атканда, машинанарды туртуп же судуроп откуло деп!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-17 12:27:14
16.07.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ат корбогон минип олтурот болуп жатышыптыр да. Негизи эле биздин эл туготуп жок кылганга кыйынбыз. Жаны нерсени талкалап бузуп орттоп жаныбыз тынып отуруп калабыз анан Ким жаман бийлик жаман болот. Бийлик жасап койгон нерсени жондоп иштетип кетуу деген жок да.
16.07.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анын эмне кыйынчылыгы бар копуронун эки башына бетон же чон таш коюп койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: