super.kg logo
  Саясат  

Абылгазиев: "Кыргыз тарапка Грузиянын демократиялык жана экономикалык тажрыйбасы кызыкчылык туудурат"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында Грузиянын Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн өлкөдө экономиканын бир катар тармактарында, анын ичинде фискалдык органдардын ишмердүүлүгүндө реформалар жүрүп жатат. "Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы актуалдуу", – деди Абылгазиев.

Грузиянын финансы министри Иване Мачавариани билдиргендей, салык демилгелери ишкерлер үчүн жеңилдиктерди белгилөөнү камтыйт.

"Ошол эле учурда салыктык коюмдардын төмөндөшүнө карабастан, салык жыйноолор жыл сайын өсүүдө. Жүргүзүлгөн реформалар аркылуу бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукка жетишилди. Бул өлкөнүн транзиттик жагымдуулугун арттырып, бажылык түшүүлөрдүн көлөмүн өстүрүүнү шарттаган.

Реформалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири – экспорттук жана импорттук операциялар үчүн документтердин санын экиге чейин кыскартуу, ошондой эле бажы постторунда паспорттук, бажылык, фитосанитардык, санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү бириктирүү болуп саналат. Мындан тышкары ишкерлерде жүктүн жайгашкан жерине карабастан, аралыктан декларациялоо мүмкүндүгү түзүлдү", - деп ырастады Грузиянын министри.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Кыргыз тарапка Грузиянын акыркы мезгилдерде жүзөгө ашырылган демократиялык жана экономикалык тажрыйбасы кызыкчылык туудурат.

"Өлкөдө салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүүдө милдеттүү түрдө чет элдик, анын ичинде Грузиянын тажрыйбасы эске алынат. Биз жакынкы убактарда мекемелер аралык деталдуу консультацияларды өткөрүүнү макулдашканыбыз маанилүү", - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине мекемелер аралык консультацияларды даярдоо жана уюштуруу маселелерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: