super.kg logo

Дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси жер астынан табылып, анын өлүмүнө шектүү катары жубайы жана милиция кызматкери кармалды

 

Дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси жер астынан табылып, анын өлүмүнө шектүү катары жубайы жана эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 4-июль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынын 53 жаштагы С.Т. аттуу тургуну кайрылып, 54 жаштагы М.Р. аттуу күйөөсү 1-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон келе электигин билдирген. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 4-бөлүмү (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам изилдөө иштеринин алкагында 11-июль күнү саат 17:00 чамаларында Аламүдүн районунун Кайырма айылынан анча алыс эмес жердеги мүрзөнүн жанынан болжол менен 55-60 жаштагы эркек кишинин сөөгү казып алынган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (топтошуп адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Маркум арыз жазган аялдын күйөөсү болуп чыккан.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 53 жаштагы арыз ээси, 38 жаштагы М.Э. аттуу киши колго түшүрүлсө, ошол учурда Орусияга учуп кеткен 39 жаштагы С.Н. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ал Москвадагы аэропорттордун биринен кармалып, Кыргыз жерине алып келинип убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, ал адам милицияда иштеген. Тийиштүү экспертиза дайындалып, кылмыштын чоо-жайы такталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.07.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта , адамдар эмне болуп баратышат!!
17.07.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койнунда жаткан аялы душман.Тообо тобоо кылдым.Аллах ыйман берсин ар бир адам га.
17.07.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны алып барып мурзого комуп салса каяктан билет ал олтурулгон экенин,анан казып алып эле сразу топтошуп олтуоэрулгон дептир,аны кайдан билди Тушунуксуз, балким озу олуп комулгон мурзолорду деле барып алып каза беришеби,аялына да тан калдым ,озулору олтуруп алышып дагы арыз жазганын
17.07.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбумдун бакеси болчу. Аябай жакшы киши эле. Биринчи аялы каза болуп, мунусу менен жашап жатканына 5-6 жылдай болуп калган эле. Ъй алам деген акчсы бар экен, ошонун айынан олтурушсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: