super.kg logo

Астротөлгө: 18-июль күнү төрөлгөн адамдар аракетчилдиги менен карьерасын өстүрө алабы?

 

18-июль күнү төрөлгөндөр табиятынан лидерлик сапатка ээ адамдар болушат. Булар ачык мүнөзү менен коомдон өз ордун тапкан адамдар. Үй-бүлөдө, мектепте, бизнес жаатында болобу же мамлекеттик иштерде болобу, айтор бул күнү жарыкка келген бөйөндөр өзүнүн лидерлик сапаты менен өз ордун таба алат. Бул күнү төрөлгөн бөйөндөр адамдардан энергия алат. Булар аракетчилдиги менен карьерасын бат эле кура алат, ошону менен бирге кылган аракети менен улам бир тепкичке көтөрүлүп тез эле "жылдыз" болуп кетиши ыктымал. Мындай адамдар үчүн нотариуста, адвокат же соода тармагына менеджер болуп иштөө абдан ылайыктуу.

Бул күнү төрөлгөн адамдарды чыныгы кыялкеч деп атап койсок да жарашат. Булардын өнөктөштөрү жок болсо сүйүү сезимдерин укмуштуудай кыял менен элестетип, бүтүндөй бир бай ааламга кирип кетет. Булар чаян, бийкеч, текечер жана балык жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар менен мыкты союз түзүп, бакытты бирге кура алышат. Ал эми кой, эгиздер, бөйөн, жаачы жана суу куйду жылдызынын алдында төрөлгөндөр менен эч качан мамиле кура алышпайт. Андыктан булардан алыс болгону жакшы.

Бул күнү жарыкка келген бөйөндөр жоопкерчиликтүү, кыйын кырдаалдан чыга алышат. Көпчүлүк учурда калк кайнаган коомдо иштейт. Жадакалса булар башкалар жасай албаган жумуштарды бир көрүп эле аткарууга көзү жетсе дароо жасап коюуга жөндөмдүү келишет. Муну менен алар кесиптештерине мыкты үйрөтүүчү боло алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: