ТИМ: "Индиядагы суу каптоолордо каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок"
Индияда болгон суу каптоолордо каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан Индияда 1000ден ашуун адам каза болгон. Ошондой эле алардын саны мындан да көп болушу айтылууда. Эске сала кетсек, 19-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Индиянын Уттаракханд жана Химачал-Прадеш штаттарын суу каптап, миңдеген жарандардын өмүрүн алып, олуттуу кыйроолорго алып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

