super.kg logo

Ошто ишкана 2 миллион сомдон ашык салыкты төлөбөй жашырып келген

 

Ош облусунда "С" аталышындагы ишкана жалган маалымат берүү аркылуу салык төлөөнү жашырып келгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, салык төлөөдөн качкан ишкана тарабынан өлкө казынасына 2 миллион 336 миң 661 сом зыян келтирилген.

"Келип түшкөн маалыматтарды текшерүүгө алганда "С" аталышындагы ишкана 2017-жылдын 1-июлунан баштап 31-августуна чейин салык төлөбөй келген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин (чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн четтеши) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жана төлөнбөгөн салыкты өндүрүп алуу чаралары көрүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Салык кодексине ылайык, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан ишкана ээсине беш миңден он миңге чейинки өлчөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө төлөнгөн учурда айыпталуучуга карата жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин ар кандай стадиясында токтотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.07.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттик сатып алуу порталында конкурска катышып жаткан поставщиктердин бир жылдык салык төлөө обороту менен сатып алуу конкурсттарда уткан суммасы, бажы декларацияларында алып келген товарларынын баалары, бажы төлөмдөрү дал келээр бекен?
17.07.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салыкчылар базарда отурурган апаларды,эжелерди бир айлык салыгын толобосо баса каласынар го,штарфын кошо толотуп,бул килейген ишканага келгенде козунор кор,кулагынар керен болуп калдынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: