super.kg logo

УКМК Сапар Исаковдун жактоочусунун билдирүүсүнө жооп берди

 

"Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү - кезектеги арзан пиар" деп бүгүн, 17-июлда УКМКнын маалымат кызматынан жооп беришти. Аталган мекеменин маалыматына караганда, тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүргүзүлүүдө.

"Сапар Исаковдун иши Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде эч кандай мыйзам бузуусуз тергелүүдө, Токтакуновдун билдирүүсү карандай калп", - деди маалымат катчы.

Буга чейин Нурбек Токтакунов УКМКнын тергөөчүлөрү Сапар Исаковго жактоочунун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап, опузалап жатканын билдирген.

Эске салсак, 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Ал эми 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
17.07.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жактоочусунда кошуп камап койгула жалган маалымат таратканы учун
leilekstan_1987 түзөттү 2018-07-17 13:55:33
17.07.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кошулам.
Текебаевдин юристине даттанып 10миллион толойсун дегендей кылганба жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: