super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары Аргынбек Малабаевдин дагы аты аталууда

 

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары Аргынбек Малабаев, Азиз Суракматовдун аты аталууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди.

Аргынбек Малабаев 2015-жылы транспорт жана коммуникация министри болуп иштеген. Ал эми Азиз Суракматов 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.

1) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат - Иса Өмүркулов. Ал 2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2) Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы - Алмаз Кененбаев. Ал 2012-жылдан тарта шаардык кеңештин акыркы 2 чакырылышынын депутаты. 2017-жылдын декабрь айында аталган кеңештин төрагасы болуп шайланган.

3) Экс-депутат - Нариман Түлеев. 2008-2010-жылдары Бишкектин мэри кызматын аркалаган. 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. 2012-жылы Түлеев "мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген" деп айыпталып камакка алынган. 2013-жылы 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 2015-жылы 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулган. Анын иши эки ирет мунапыска дал келип, Түлеев сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.

4) Саясатчы - Темир Сариев. Ал 2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, 43,3 миң добуш (2,55 пайыз) топтоп 4-орунду ээлеген. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт.

5) Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты - Жамалбек Ырсалиев.

6) Азиз Суракматов дагы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: