super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча Ноокендеги 4 жашар кыз зордукталган эмес"

 

Буга чейин окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Анда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №28-мектептин социалдык педагогу аялы каза болуп калган өзбек улутундагы кошунасы өзүнүн 4 жашар кызын зордуктады деп шектенип жатканын билдирген.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине кайрылганыбызда, алар төмөндөгүлөрдү билдирди:

"2018-жылдын 12-июль күнү Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Ольга Шамрова РИИБдин жетекчилигине билдирүү менен кайрылган. Милициянын капитаны билдирүүдө Кочкор-Ата шаарынын 1976-жылы туулган З.Ш. аттуу жашоочусу оозеки түрдө кайрылганын жазган. Ал өз сөзүндө 12-июль күнү саат 16:00дөр чамасында кошунасы 1983-жылы туулган өзбек улутундагы Ы.П. аттуу жаран 2014-жылы туулган кызы Ы.кызы А.га ыплас иш-аракеттерди жасады деп шек санап жатканын айтканын билдирген", - дейт маалымат катчысы.

Аталган билдирүү боюнча Ы.П. анын апасын жана 4 жашар кызы РИИБге алынып келип алардан түшүнүк кат алынган жана териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Ы.П. түшүнүк катында кызына карата эч кандай ыплас иш-аракеттерин жасабаганын билдирген. Ушундай эле мазмундагы катты анын апасы М.А. дагы жазып берген.

"Социалдык кызматкердин жана педагогдун катышуусунда 4 жашар кыз менен маектешүү жүргөн. Анда кыз алардын суроосуна эч кандай жооп берген эмес. Дайындалган соттук медициналык экспертизанын алдын ала чыгарган жыйынтыктары боюнча кыздын денесинде эч кандай жаракат жок экени жана анын кыздык белгиси бар экени аныкталган. Экспертизанын толук, расмий жообу азырынча чыга элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат катчы.

Ошондой эле бул тууралуу маалыматты билдирген З.Ш.нын үстүнөн Ы.П.нын апасы жалган маалымат таратты деп милицияга арыз жазгандыгы тууралуу кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.07.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе жонотоордо тактап ойлонуп анан жазсанар окурмандар, смартфон качпайт. Бул кабарды окуган канча адам ар кандай ойго кетти.
17.07.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кошуналары баары билет болчу экенго 4 жашар кыз чон саарасын кармана албайт деп жатышат текшерип коруштубу экен мээн токтоп калатко буларды окуп баарына ыйман бере корсун...
17.07.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызга психалогиялык жактан запкы жеп эчнерсе айтпагандырда.
Же биздикилер ге сопсонун кылып акчаны алып койгон , кичинекей кыздан психологдор иштешип жакшылап териштиргенде кантет эле
17.07.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин угушумча эч кандай экспертиза болгон эмес,бул Кабарды тараткан Эжени кайра куноолуу кылып милиция кордунбу деп опузалап жатат, конушулары баары билет, семейный алкаш, милиция​ тарабынан эч кандай реакция жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: