super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Азамат Боронов менен Темирлан Бектурдиев коло медалдар үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алышты

 

Бүгүн, 17-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу старт алды. Анда Кыргыз балбандары Азамат Боронов жана Темирлан Бектурдиев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Аталган мелдештин алгачкы күнү 55, 63, 77, 87 жана 130 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер орун алууда. Анда Кыргыз курамасынан Азамат Боронов, Элдияр Сатаров, Темирлан Бектурдиев жана Медер Абыкеев күч сынашты.

Азамат Боронов 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, чейрек финалда таиланддык Супачаи Зонгхам менен беттешип 5:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалдык беттеште Боронов ирандык Мохаммед Насерпурга кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды. Мындан улам Азамат Боронов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда Түштүк Кореянын балбаны Йонгву Жеонг менен күрөшөт.

Элдияр Сатаров 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок анын атаандашы финалдык бөлүккө өткөнү үчүн Сатаров көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда ал индиялык Манжэт Манжэт менен күрөшүп жеңишке жеткен. Эми ал коло медаль үчүн кытайлык Делин Ванг менен беттешет.

Темирлан Бектурдиев 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартканы менен, коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Кыргыз балбаны япониялык Шома Ямасаки менен беттешет.

Медер Абыкеев 87 килограммга чейинки салмак ченинде алгач кытайлык Маимаити Кайсер менен күрөшүп 4:7 эсебинде утулуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: