super.kg logo

Ош ШИИБи: "3 күндө 4 жаран ѳз өмүрүн кыюуга аракет жасаса, бирѳѳ асынып каза болду"

 

3 күндө 4 жаран ѳз өмүрүн кыюуга аракет жасаса, бирѳѳ асынып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков 17-июлда кабарлады. Анын айтымында, алардын мындай аракеттерге баруусуна үй-бүлѳдѳгү, достордун арасындагы пикир келишпестиктер түрткү болгон.

"14-июль күнү Кулатов кичи районунда жашаган 16 жаштагы кыз кѳп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштап, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет кылса, 15-июль күнү Муминов кѳчѳсүндѳгү үйгѳ конокко келген 50 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну (эркек киши) асынып каза болгон. Ал эми Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну (аял киши) ири ѳлчѳмдѳгү димедрол дарысын ичип, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасаган. Ошондой эле Манас-Ата кичи районунун 21 жаштагы тургуну (аял киши) да ири ѳлчѳмдѳгү түрдүү дарыларды ичип, ѳзүн ѳлтүрүүгѳ аракет кылса, 16-июль күнү да 21 жаштагы тургун (аял киши) 20 даана аспирин таблеткасын ичип, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасаган. Дары каражаттарын ичип өз жанын кыюуну көздөгөндөр дарыгерлердин жардамы менен аман калышкан", - деп билдирди Сыдыков.

Мындан улам Сыдыков Ош ШИИБи жергиликтүү мамлекеттик органдарды, ѳкмѳттүк эмес уюмдарды, укук коргоочуларды жана дин өкүлдөрдү бул багытта коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчѳтүүгө чакырарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: