super.kg logo

Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары Леонардо Ди Каприо, Анжелина Жоли жана Жеки Чандын келиши күтүлөт

 

2018-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары Леонардо Ди Каприо, Анжелина Жоли, Жеки Чан жана башка белгилүү адамдар келиши мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар тобунан билдирди.

Алардын айтымында, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы аталган инсандарга чакыруу жөнөткөн. Бирок алардан азырынча жооп келе элек. Көчмөндөр оюндарына Стивен Сигал келерин кошумчалады. Анткени ал 2016-жылдан бери оюндардын ыктыярдуу элчиси болуп келет.

Айта кетсек, азыркы тапта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине билеттер сатыла баштады. Ал эми Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы Кыргыз курама командасын түзүп, учурда спортчулар окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь аралыгында өтүп, аны уюштуруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
17.07.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да барам
17.07.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jumatone,кел тууганым келип колдоо корсот биздин жигеттерге
17.07.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча толоп берсе ким болсо да келе берет да... Миллиард доллар толосонор Путин, Трамп, Си-Цзиньпин да келип кетет...

Аларды акча берип чакырышканын айпай жашырат да бийлик...
17.07.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошончо гонорарга келет ал "звездалар". Кайран гана асманга чачылган акчалар.
17.07.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жетишкен олко болуп туруп,ушуга окшогон дуйно жылдыздарын чакырса ыраазы болмокмун.Карызга батып,озубузду эптей албай жатканда,буларды акча толоп чакырып эмне кереги бар эле дейм да.
17.07.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аттар чабылып чанып атканын коруп шок болуп кетеберишетда
17.07.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аларды чакыргыдай бизге ким эле алар? Же алар да кочмон элден бекен.
17.07.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен каршымын Көчмөндөр оюндарына.
300 000 млн сом короткондун ордуна ,карызды төлөсүн.Мектеп,бала-бакчалар салынсын!!!
18.07.2018. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Osh3015,мен сени колдойм.
Кыргызстан оюн кылбаса эч ким таарынбайт эле
17.07.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олкодо 200го чукул мектеп авариялык абалда экен. Эми ошолорду ондоо учун карыз алышат имиш Окмот...

2016-жылы да мектеп курууга болунгон 1,5 МИЛЛИАРД сомду Кочмондор оюнуна сапырып жок кылышкан. Болбосо ошол акчага 200 мектептин 40-50су башынан жапданы болуп курулуп бутуп калмак...

Мектептерге акча жок карыз издешет да, Кочмондор оюнуна акча табылат... Че за логика?!!

17.07.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дегени "уйдо балдарым ачка отурса отурсун, акыркы акчама сумка/телефон сатып аламын" деген аялдын кебиндей болуп калыптыр го?!!

Ансыз да эл тентип кетти, акыркы 7 жылда мигранттардын саны 2-3 ЭСЕ оскону айтылууда. Окмот болсо мигранттарды ойлоонун ордуна шапар тээп, конул ачуунун айласын кылып журот......
17.07.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим, мынча өзүңөрдү төмөн түшүрөсүңөр, алар бизге келсе эмне болуптур.Сөзсүз өнүккөн өлкөлөргө баргыдай алар башкачабы
17.07.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келгиле туугандар наалыганды токтотобуз 6 млн дун 4 млну кундо дуба кылып жатып ээ Жараткан мекенимди онуккон олколордун арасына кошо кор , кедейчиликтен алыс кыл , деп дуба кылгыла . Жоктон барды пайда кылган Алла мекенибизге ырыскысын мол чачкан кундорда келет буруса.
18.07.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elaigun1991, Сенин созуно кошулам. Кыргыз элим негатив болбой пазитивний бололучу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: