super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Франция курама командасын Париж шаарында 100 миңге жакын күйөрман тосуп алды

 

Орусияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, анда Франция курама командасы чемпион аталды. 2-ирет аалам биринчилигин утуп аткан Франция курамасын Париж шаарында 100 миңге жакын күйөрмандары тосуп алды.

Париж

Кураманын машыктыруучусу Дидье Дешам жана анын шакирттери үстү ачылган автобуста Париждин борбордук көчөсү менен кубокту элге көрсөтүп өтүштү. Чемпиондукту багындырган улуттук курама команданы бүтүндөй Париждин эли тосуп алгандай көрүндү. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон футболчуларды Елисей хан сарайында кабыл алды. Андан тышкары Париж шаарынын үстүнөн учактар Франция желегинин изин түшүрүштү. Ошондой эле Париж шаарында убактылуу 6 метро станциясынын аты өзгөртүлдү. Ошентип Парижде "Виктор Уго Льорис", "Дешам Элизе-Клемансо", "Норт Дидье Дешам" аттуу станциялар убактылуу пайда болду.

Загреб шаары

Загреб шаарында Хорватиянын жеңилип калганына карабай, миңдеген футбол күйөрмандары улуттук курама командасын кубаныч менен тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик коомдук транспортту бекер кылып жана темир жол аркылуу келген күйөрмандарга билет баасын эки эсе арзандатып берди. Көпчүлүк күйөрмандар Бана Йосип Елачич аянтына чогулуп, Елачичтин эстелигине Хорватиянын чоң желегин илип коюшту. Ошондой эле күйөрмандар улуттук курама отурган автобустун жолуна тизилип, ураандар менен коштоп, кураманын финалга аттанганы алар үчүн жеңиш экенин билдирип жатышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.07.2018. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан бизда ушинтип тосуп калабыз?
18.07.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фудбол майрамын дүйнө жүзү күтөт эң жакшы майрам деп билем
18.07.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хорватия утуш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: