"Бишкектеги Баялинов көчөсүнүн жолун оңдоо үчүн 900 даракты кыюуга туура келет" дейт Гүлнура Журабаева
"Бишкектеги Баялинов көчөсүнүн жолун оңдоо үчүн 900 даракты кыюуга туура келет", - деп бүгүн, 17-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнура Журабаева социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Ал билдиргендей, сол тарабында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайы (тротуар) бар 6 метрлик көчөнү 2 тарабында тротуары бар 12 метрлик 4 тилкелүү көчө кылганы жатышат. Бирок буга жашоочулар каршы болуп жатканын белгиледи.
Эске салсак, 20-июндан тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн тартып Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Манас кең көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн Абсамат Масалиев көчөсүнөн тарта Ажыбек баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылган.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында асфальттар толугу менен алмаштырылып, жол четине тосмолор коюлат. Ошондой эле жол чийиндери түшүрүлүп, жол белгилери орнотулат. Оңдоп-түзөө иштери 2018-жылдын 30-августуна чейин уланары күтүлүүдө.


Болгону жол четине унаа токтотууну жойгула, 3000-5000ден штраф салып...
Жолдун 2 четине парковка болгон унаалар толуп кетип, жол тарып жатат...
900 туп дарак, бул шаар жашоосуларына таза аба тартуулап, шаардын коркуно корк кошкону, ошону кыябыз деп кайсы жепжутар айтып чыкты озу?!!