Жети-Өгүз: Митингчилер "облус жетекчиси кетсин" деген талап менен обладминистрациянын алдына жөнөп жатышат
Бүгүн, 27-июнда Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында чогулган митингчилер "жаңы дайындалган облус башчысы Эмил Каптагаев кетсин" деген талап менен обладминистрациянын имаратын көздөй жөнөшүүдө. Алар "Каптагаевдин иштешине ишеним артпайбыз, бизге туруктуу иштей турган губернатор керек" дешүүдө. Айта кетсек, бүгүнкү "Кумтөргө" байланыштуу митингге жергиликтүү жана жогорку бийликтин бир катар өкүлдөрү катышты. Эмил Каптагаев өзү "менин кетерим же кетпешим азырынча белгисиз",- деди аталган айылда митингчилер менен жолугушуу учурунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

