super.kg logo

Аскер кызматкерлерине көп кабаттуу төрт үй курулуп жатат

 

2018-жылдын аягына чейин 297 аскер кызматкерине мамлекет тарабынан үй берилет. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча комитеттин батирдик-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Сыргабек Жумабеков 17-июлда өткөргөн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, учурда ал көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.

"Ушул жылдын эсебинен май айында аскер кызматкерлерине Бишкектеги 54 батирдин ачкычтарын тапшырганбыз. Дагы 297 батирдин курулушу жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн бири Бишкек шаарында болсо, үчөө Ош шаарында. Жыл аягына чейин бүткөрүлүп аскер кызматкерлерине тапшырып беребиз. Ишти "Аскер курулуш" ишканасы аткарып жатат", - деди башкармалыктын жетекчиси.

Ал кошумчалагандай, буга чейин үйү бар аскер адамдары эч кандай батирге ээ боло албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.07.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин синдиме берилсе жакшы болот эле. Куйоо балам экоо тен иштешет. Уйу жок, же з/п жыргатпайт. Иши кылса аскер кызматкерлеринин жашоосу оной эмес экен. Мындай уйго муктаж аскер кызматкерлери толтура да, кимисине жеткирээр экен. Бирок, тааныштарына же жакшы суйлошкондорго эле берип коёт болуш керек.
18.07.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Snejana,жогору жакта таанышы барлар эле алат,кордумго оз козум менен
18.07.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге аскер укмк анан депутаттарга эле квартира берилет. Качан мугалим врачтарга бересиңер алардын эмгеги бааланбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: