super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашов шайланды

 

Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашов шайланды. Шайлоого шаардык кеңештин 45 депутаты катышты. 44 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөөсү "каршы" деп добуш берди.

Мэрликке Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган. Талапкер аймактык шайлоо комиссиясына жалгыз талапкер катары катталган.

Ош шаарын 2014-жылдын январь айынан бери жетектеп келген Айтмамат Кадырбаев кызмат ордунан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Сарыбашовдун өмүр баяны

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.

1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1989-жылы - Алай районундагы автобазада слесарь;

1991-2008-жылдары - сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;

2008-жылы - Алай райондук кеңешинин депутаты;

2012-2015-жылдары - Алай райондук администрациясынын башчысы;

2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: