super.kg logo

Зилалиевдин соту 24-августка жылдырылды

 

Бүгүн, 18-июлда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралмак. Зилалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, соттук отурумга мамлекеттик айыптоочу келбегендиктен сот 24-августка жылдырылды.

Буга чейинки соттук отурумда Зилалиев өзү көрсөтмө берген. Ал "бомба жарылат" деп айтпаганын билдирген. "Болгону кыздын жарашыктуу кийингенине комплимент гана айтып, формаңды оңдоп ал дегем. Жаран катары мен бирөөгө андай сөздөрдү айтууга укугум бар.

Бул жерде окуя тууралуу эки версия бар. Биринчиден, Манас кең көчөсү ошол күнкү инаугурацияга карата тосулгандыктан кызга айтылган сөзүм ызы-чуудан ага туура эмес угулуп калышы мүмкүн. Экинчиден, кыз формасынын жарашканы боюнча сөздү туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Менде ушундай эки версия бар", - деп айткан.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
18.07.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин убагында ото эле эркелетинер муну камагыла.Эми жон эле шылтоо менен жылдыра бербей ишти.Монгуну талкалатканын Эл эч качан унутбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: