super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Туулган жерди сагынганда керек болсо булут да аны эстетип тургансыйт" дейт окурман

 
Кыргыз өлкөсүнүн картасы

"Туулган жерди сагынганда керек болсо булут да аны эстетип тургансыйт" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

"Туулган жерден алыста турмуштун арабасын түртүп, үй-бүлөсүн багайын деп чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин саны күн санап өсүп жаткандыгы өкүндүрөт. Алардын бири мекенине аман-эсен кайтса, бири туулган жерин көрүп, абасы менен дем албастан бөтөн жерде көз жумуп жатканына күн сайын күбө болуп жатабыз. Жумушка баратканда же келе жатканда ар кандай ойлор келип, мекениме болгон сагыныч, кусалык көөдөндү кысып, көзгө жаш айланган күндөр да болот. Ошондой күндөрдүн дагы бирөө кайталанып жумушка бара жаткан учурда көк мелжиген асманды карай койсом, ак пахта менен атайын тартып койгондой Кыргыз жерибиздин картасындай болгон булутту көрдүм. Чынында эле окшошпу же жөн гана мекенге болгон сагынычтын айынан мага ушундай көрүндүбү билбейм", - деген билдирүүсүн окурман жиберген.

Сүрөт Орусиянын Амур облусунда тартылганын окурман кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
18.07.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окшош экен чындыгында сурот. мекендештер журушот да ушинтип ботон Эл ботон жерде сагынышып эх х
18.07.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз жеринин картасында корсотулгон Жалал-Абад облусунун Озбекистан Республикасы менен чектешкен жериндеги кызыл тус менен белгиленген аянт эмнени тушундурот, админ айтып коесузбу?
18.07.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх туулган жер, качан кайтар экенбиз, чет жерде журоберип тажап кетесин айла жок жан багыш керек бала чака болок чонойуп калды меерим корбой
18.07.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура,алыс жерде,бөтөн элде ар кандай жагымсыз окуяларга туш болуп,ошого карабай үй-бүлө багам деп,балдарын таштап иштеп жүргөн мекендештерге сабыр тилейм,ден соолук,иштеринде ийгилик болушун каалайм...Чоңдорубуз ичпей,жебей,өз көмөчүнө күл тартпай туура,таза иштеп,аз-аздан болсо да жумуш ордуларын түзүп беришсе жакшы эле болмок...
18.07.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сыртта жүргөн мекендештерибиз мамлекеттен бир сом албай,тескерисинче унаасына,жерине салыгын төлөп чоң курсак чоңдорду багып жатышат го...
Алар болсо ошол карапайым элдин акчасынан баласына,кызына кымбат машина алып беришет...
18.07.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эээх Кыргызстаным... сагындым
18.07.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мекенге, Ата - энеге анан балана болгон сагынычты соз менен жеткире албайсын. Ушул нерсе менин башыман откон. 2 жаштагы кызыбызды таштап коюп 4 жашка чыкканда келгенбиз. Менин кусалыгым балама ашып ташып убакыт жылбай калгандай сезилээр эле. Самолётко отуруп жатып да жетпей калуучудай сезимдер болгон. Келгенден кийин кызым тааныбай чон апасына качканычы... Азыр ошол кызым он жашта жана эки синдиси бар. Экинчи оруссияны желкемдин чункуру корсун. Бирок Ошо убагында аракет кылып. Азыр уйубуз бар.
18.07.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйлагым келип кетти. Менин атам менен апам отуп кетти. Мени куткон эч ким жок... Уйго ушунчалык баргым келип эстесем ыйлагым келет. Москвада озубуз сатып алган уйубуз бар кызым жолдошум вроде баары жакшы... Бирок журоктун тубундо кыргызымдын алыстан корунгон ак кар баскан тоолору сайда шаркырап аккан таза суулары куса кылат. Менимче атам менен апамын элеси тоолордо. Тоолор менин атам тоолор менин апам. Мен барам Кыргызстанга ал жакта атам менен апам. Мекеним менин.аман бол Кыргызстаным!
19.07.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлагыны келтирбегилечи.
19.07.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жакта жүрүп ата эне бир тууганды балдарыбызды элди жерди сагынып ыйлап куса болуп бара бара стресс депрессияга жетип оорукчан болуп калат окшойбуз.Балдарымы эстесем көзүмөн жаш жүрөгүм канап ыйлайм сыздайм сагынычым ашып ташып жинди боло жаздайм канткенде жүрөгүмөн сагынычты алып жулуп сала алам.Айткылачыыыы
19.07.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенди сагынганда,жолдогу чоп-чар деле жакынындай сезилет го,кок шиберлуу алма бактуу айылынды эстетип.Баардык мекендештерди,жакындарыбызды Аллахым колдоп журсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: