Москвада 3 Кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду
Бүгүн, 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, айдоочу катуу ылдамдыкта баратып унааны башкара албай, жол четиндеги электр-мамычасын сүзүп алган.
“Учурда кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Такталган соң уруксат кагаздары даярдалып сөөктү туулуп өскөн айылына жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлөт. Мен азыр кырсык болгон аймактагы ички иштер бөлүмүнө баратам, кырсык боюнча иш козголуптур", - деди Кошматов.
Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы кырсык тууралуу маалымат келип түшкөнүн тастыктап, окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери тиешелүү документтерди даярдоо үчүн чыгып кеткенин кабарлады.
кошулду

Ооба тахи
Жаткан жери жайлуу болушсун..