Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: "Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкер болушуна КСДПнын мүчөлөрүнүн жана башчысынын салымы чоң"
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген. SUPER.KG порталынын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин чечими менен президенттикке талапкер болуп катталган.
"Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин чечими менен президент болдубу, аны билбейт экенмин. Бирок Атамбаевдин макулдугу болгон. КСДПнын жыйынынын чечими менен ал талапкер болуп катталган. Ал кишинин президент болушуна партия мүчөлөрүнүн, башчысынын салымы чоң. Алмазбек Шаршеновичтин, анын партиялаштырынын, дегеле КСДПнын ар бир мүчөсү Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоп катуу иштеп беришти. Ошонун жыйынтыгында ал киши президенттикке өттү. Атамбаевдин макулдугу негизги ролду ойноду, анткени кандай болгон күндө дагы мындай маселе партиянын лидеринин чечимине көз каранды болот.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Чыныбай Турсунбеков, Сапар Исаков, Иса Өмүркулов, Албек Ибраимов, Асылбек Жээнбеков президенттикке КСДПдан жалгыз талапкер катары чыгууну каалашкан. Бирок ошол кездеги рейтингдеги көрсөткүч негизги ролду ойноп, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги партиянын ичинен алдыңкы болгон. Алмазбек Атамбаевдин чечими Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп катталышына негизги себеп болду", - дейт Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Ирина Карамушкина, Исхак Масалиев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучулар Марс Сариев, Даниэл Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.
кошулду
Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?


