super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Адахан Мадумаров: “Коомдук же саясий активдүүлүгүн көрсөтпөгөн кишиге кыргыздын чолпондой болгон аксакалдары бата берип калабы?”

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.

Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төмөнудөй жооп берди.

Мен шайлоонун жыйынтыгы чыкканда эле "Жээнбековду эл шайлаган жок, аны Атамбаев шайлады" деп айткам. Ал эми бата боюнча айтсам, Жээнбеков Айтматовго, Усубалиевге, Масалиевге жакындай да алчу эмес. Коомдук же саясий активдүүлүгүн көрсөтпөгөн кишиге кыргыздын чолпондой болгон аксакалдары бата берип калабы?

Көзү өтүп кеткен кишилерге мага андай деген, мага тигиндей деген деп айта берүү туура эмес. Мен улуу кишилердин Жээнбековго бата бергенине күбө болгон 3-4 киши айтып чыкса, ошондо гана пикир айта алам. Андан көрө көзү тирүү кишилерди "мага мындай деп баа берген" деп айтсын”, - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, саясат таануучу Марс Сариев, Даниэл Кадырбековдун пикри төмөнкү шилтемеде.


кошулду





Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: