super.kg logo

Орусиялык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө Кыргыз паспортун берген кызматкерлер камакка алынды

 

Орусиялык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө Кыргыз паспортун берген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик издөөдө жүргөн орусиялык жаранга паспорт Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгенин аныктаган.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын январь айында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Борис Матузный аттуу Орус жараны Испаниядан колго түшүрүлгөн. Кармалган кылмышкердин жанынан Кыргыз жаранына таандык паспорт табылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында ал Кыргыз паспортун 2016-2017-жылдары жасалма ат менен алгандыгы аныкталган.

"Кыргыз жаранынын атын колдонуп жүргөн Орусиянын 1967-жылы туулган Борис Матузный аттуу жараны Орусиянын Приморск крайында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ал адам өлтүрүүнү уюштурган деп айыпталып Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, паспорт чет өлкөлүк кылмышкерге мыйзамсыз түрдө Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу (паспорт менен камсыздоо) бөлүмүнөн берилген.

Алынган материалдардын негизинде аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу (паспорт менен камсыздоо) бөлүмүнүн мурдагы башчысы И.Б. жана Сузак районунун жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн кызматкери Ж.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ИИМдин тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
18.07.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз паспортунун баркын кетирдинер,эл жерге куйуп быша турган инсан барбы деги?!Эмне дешти да билбейсин жан кашайганда соз таппай каласын.Мыйзамдуу турдо жазасын алышсынчы.
18.07.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ош шаарынын Шеит-Тобо мкр жана Кара-Суу районундагы паспорт столдун кызматкерлерин ото катуу текшеруу керек. 89%не законно ХХХХХХХХХХХХ ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-19 12:06:52
18.07.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тажик жаранына да ушул Сузактан паспорт берилди деп жанылыктарда жүрдү беле. Жасалма паспорт берүү борбору окшойт
18.07.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргызстанда паспорт столдо иштеген баардык кызматкерлерди текшерсе бардыгында мындай иштер бар себеби эч кандай бизнеси жок эле хан сарайларды салып кымбат машиналарда журушот мамлекеттик кызматта иштегендер омур бою иштесе да айлык акы менен андайга жетууго мумкун эмес.Россияда биртоп эле тажик озбек граждандары кыргыз паспорту менен журушот экен.
Jelezo түзөттү 2018-07-18 22:41:26
18.07.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өлкөгө эң чоң коркунуч жараткан өздөн чыккан душмандар десе. "Кыргыз Республикасынын", "кыргыз жарандарынын" атын булгаган бул кемпайларга мамлекет өлүм жазасын берсе да аздык кылат. Улуу урматтуу Президентибиз бул тарапка да кайдыгер карабай көңүл бурса деген ишеним чоң
18.07.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул нерсе тыйылбады го, мындай бизди уят кылгандарга бергенден коро А. Жапаров айткандай озубуздун койлорго берген жакшы го дейм.
18.07.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызым! ХХХХХХХХХХ ушуга окшогон ХХХХХХХХХ кыргыздын атын булгагандарды.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-19 12:00:24
19.07.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХХ ХХХХХХ тойбодунар
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-19 16:27:48
19.07.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коррупция тамырлашып, чырмалышып кеткендигине байланыштуу, мындай былыктардан копко чейин кутулбайбыз. Алар сотко акча берет да, чыгып кетишет. Сот дагы бироого берет... ушинтип жомок улана берет. Анан "боло берет экен" деп, башка коррупциялардын дагы тамыры кенен жайылып, Кыргызстаным онукпогон он олконун ичине кирди болуп, омур ото берет.
19.07.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча болсо баарын сатат,анын арты эмне болот ойлонушпайт окшойт. Акчале болсо болду. Мекен үчүн күйгөн, ак иштеген эч ким жок
21.07.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр акча десе кээ бирлер баарын сатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: