Саясат таануучу Марс Сариев: “Таласта Сооронбай Жээнбековдун айткандары - саясий технология”
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.
Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна Саясат таануучу Марс Сариев төмөнкүдөй жооп берди.
“Президенттин айткандары саясий технологдор тарабынан иштелип чыккан. Саясатта мифология деген түшүнүк бар. Кыргыз эли “Кут түшкөн", “бата тийген” деген мифологияга ишенет. Муну ошого таянып саясатчынын артындагы саясий технологдор айтып жаткандыр. Мен муну саясий технология катары эле көрүп жатам.
Акаев деле бай-манаптын тукумунанмын деп айткан, башка өлкөнүн президенттери деле ушундай деп айтат. Эл муну жакшы кабыл алат. Мисалы, Чыңгыз Айтматов Таластан эмеспи, андан бата алганын айтса, эл жакшы кабыл алат. Бирок Атамбаевдин аракети болбосо, Жээнбековдун президент болуп шайланары суроо туудурат. Муну баары эле билет”, - деген пикирин билдирди Марс Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниэл Кадырбековдун пикри төмөнкү шилтемеде.
кошулду
Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?




