super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: "Жээнбековду Атамбаев сунуш кылды, эл шайлады"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.

Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төмөндөгүдөй жооп берди.

"Жээнбеков ошол өзү атап өткөн кишилер менен 5 жыл чогуу депутат болуп иштегени чын. Менин пикиримде, ал ошол улуу кишилер менен бирге иштеп, ошолордон сабак алдым деген мааниде айтты окшойт. Ар бир жаш депутат үчүн улуу кишилер менен бирге иштеген сыймык. Анын президент болуп шайланышы боюнча айтсам, аны Атамбаев сунуш кылды, шайлаганын эл шайлады”, - деди Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Марс Сариев, Даниэл Кадырбековдун пикри төмөнкү шилтемеде.


кошулду





Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: