super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Даниэл Кадырбеков: "Жээнбеков Атамбаевдин кыска ойлуулугунан жана ач көздүгүнөн президент болуп калды"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.

Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна саясат таануучу Даниэл Кадырбеков төмөндөгүдөй жооп берди.

Былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков Айтматов, Усубалиев, Масалиевдин батасы менен эмес эле, экс-президент Атамбаевдин кыска ойлуулугунан, ач көздүгүнөн жана административдик ресурстун толук колдонулганы үчүн президент болуп калды. Атамбаев шайлоого чейин саясий атаандаштыкты жок кылып, гезиттердин бардыгын коркутуп, өзүнүн бийлигин сактап калууну көздөгөнү, өзүнүн мураскор марионеткасын (куурчак) өткөрөм деген кыска ою үчүн да Жээнбеков өлкө башчы болду. Бирөөнүн батасы менен өттү деп айтканга болбойт.

Демократиялык чыныгы таза шайлоодо президент элдин жардамы менен гана шайланышы керек. А бирок Жээнбековдун шайланышына 3-4 фактор таасир этти. Атамбаевдин шайлоо алдындагы саясий талааны тазалаганы, оппозицияны жок кылганы, массалык маалымат каражаттарын басмырлаганы, административдик ресурсту колдонгону, БУУнун сессиясында өзүнүн мураскоруна үгүттөгөнү күч менен зордоп Жээнбековду президенттикке алып келди”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Исхак Масалиев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Марс Сариевдин пикри төмөнкү шилтемеде.


кошулду





Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: