Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: “Жээнбековдун президент болушуна эң көп аракет жасаган адам Атамбаев болгон”
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган. Ал эл менен жолугушуу учурунда Чыңгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев менен кезинде бирге иштегенин айтып, алардын батасы менен президент болгонун билдирген.
Президенттин бул пикиринен кийин SUPER.KG порталы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чечими болбосо Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат беле деген суроосуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина төмөндөгүдөй жооп берди.
“Сооронбай Жээнбековдун Таластагы сөзү анын мамлекет башчылардын бири катары Төрөкул Айтматов, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди улантып жатканын билдирет. Ар бир президент өлкөнүн өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошкон. Албетте, Бакиев жөнүндө минтип айта албайм.
Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна эң көп аракет жасаган адам Атамбаев болгон. Жээнбековдун президенттикке талапкерлиги көп талкууланган. КСДПнын саясий кеңеши Атамбаевдин пикирин колдогон. Ал Жээнбеков көптөгөн реформаларды улантат жана коррупция менен күрөштү күчөтөт деп өткөргөн. Атамбаев өзүнүн колу жетпеген тармактарга Жээнбековдуку жетет деп ишенген.
Атамбаевдин чечими маанилүү болгон. Жээнбеков өлкөнү көтөрүп алат деген ишеним менен биз, депутаттар, Сапар Исаков, Албек Ибраимов чогуу ынтымакта иштедик”, - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Исхак Масалиев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Марс Сариев, Даниэл Кадырбековдун пикри төмөнкү шилтемеде.
кошулду
Жээнбеков улуу кишилердин батасы менен президент болдубу?


