super.kg logo

Биринчи вице-премьер күйүүчү майдын баасын көзөмөлгө алууну тапшырды

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларын турукташтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Күйүүчү майдын баасынын өсүүсү калкта мыйзам ченемдүү тынчсызданууну жаратат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келет. Биз күйүүчү майдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек", - дейт Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков республикадагы күйүүчү майдын рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

"Күйүүчү майдын баасынын негизги өсүүсү 2018-жылдын май айынын аягында июндун башында жүргөн. Быйылкы жылдын июнунун экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес. Ага Орусияда мунайзат өндүрүмүнүн дүң баасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон. Чийки мунайзаттын баасы эмдигиче дээрлик үзгүлтүксүз көтөрүлүүдө. Май-июнда эле ал 9-10 пайыз жогорулап, акыркы 3 жарым жылда биринчи жолу баррелине 80 доллардан жогору көтөрүлгөн", - дейт Орозбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине күйүүчү майлардын бааларынын кырдаалын көзөмөлгө алууну жөндөөнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.07.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арзандатса жакшы болот эле бензин....
19.07.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АИ-92 россияда арзан эле, бизде 45 сом болуп калды
19.07.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой лейлеке да газ калтыргылачы баарын эле тажиктерге бербей Исфанада 20 кундон бери газ жок а тажиктерге кундо 15 газавоз кирип кетип жатат
Muratmipa түзөттү 2018-07-19 11:03:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: