Франция курама командасынын оюнчулары Дүйнө чемпиондугунун алдында берген убадаларын ишке ашырып жатабы?
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алдында Француз улуттук курама командасынын оюнчулары күйөрмандарына көптөгөн убадаларды беришкен. Эми минтип Дүйнө чемпиондугун багынткан Франция курама командасынын кайсы оюнчусу убадасына турду, кайсы оюнчусу убакытты созуп жатат сиздерге айтып беребиз.
Оливье Жиру
Курама команданын чабуулчусу Оливье Жиру - футбол дүйнөсүндөгү өң-келбетине көп көңүл бурган оюнчулардын бири. Сакалынан сырткары анын өзгөчө чач жасалгасы көпчүлүк күйөрмандардын көңүлүн өзүнө буруп турат. "Дүйнө чемпиондугун жеңсек чачымды алдырам" деп убада берген Жиру азырынча убадасын аткара элек. Журналисттердин берген суроосуна Жиру чачын 22-июлдан кийин алдыра турганын билдирген.
Демек, Жиру "Челси" футболдук клубунун жаңы машыктыруучусу Маурицио Саррини өзүнүн жаңы чач жасалгасы менен тосуп алат.
Набиль Фекир
Дал ушундай эле убаданы Набиль Фекир берген. Бирок Жируга караганда ага чачын алдыруу оңойго турат. Анткени Фекир өзүнүн чач жасалгасына көп деле көңүл буруп, күзгү алдында аны жасалгалоо үчүн убакыт коротпой турганы байкалып турат. Эгерде Фекриди "Ливерпуль" футболдук клубу ала турган болсо анда англиялык Премьер-Лигада биз чачы жок Жиру менен Фекирдин тирешин көрө алабыз.
Уго Льорис
Ал эми улуттук курама команданын капитаны Уго Льорис эгерде курама жеңишке жетсе, ал өзү туулуп өскөн Ниццага барып эс алуу жайларын кыдырып, күйөрмандары менен бирге сыра иче турганын айткан. Азыркы тапта Ниццанын жашоочулары өзүнүн жылдызы жанган жердешин чыдамсыздык менен күтүп жаткан учуру. Ал эми Льорис жакын арада ал жакка бара турганын, азыркы тапта команда менен биргеликте жеңиштин урматына уюштурулган ар кандай иш-чараларга катышып жүргөнүн билдирген.
Блез Матюиди
Курама команданын алдыңкы оюнчуларынын бири Блез Матюди жеңишке жетсе, Парижден Туринге чейин велосипед менен бара турганын билдирген. Азыркы тапта жеңишти майрамдап жаткан Матюди жаңы сезонду "Ювентус" менен баштайт. Парижден Туринге жетүү үчүн футболчуга 770 чакырымды басып өтүүсү зарыл. Туринде Матюдини Криштиану Роналду, балким, Зинедин Зидан да күтүп алуусу мүмкүн.
Тома Лемар
Жарым коргоочу Тома Лемар чачын көк түскө боёй турганын билдирген. Журналисттер ага сары түстү сунушташкан, бирок ала көк түстү тандаган.
Адиль Рами
Адиль Рами убада гана бербестен аны аткарып жетишкен. Коргоочу эгерде жеңишке жетсе татами үстүнө Олимпиада оюндарынын 2 жолку жеңүүчүсү, Дүйнө биринчилигин 10 жолу багындырган дзюдочу Тедди Ринер менен чыгып күч сынашарын айткан. Бул беттеш жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирден көрсөтүлгөн.
Автор: Айзада Тураркулова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.