Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм бир жумадан бери изделүүдө
Бишкекте 13 жаштагы Айназик Эмил кызы бир жумадан бери изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүм ушул жылдын 12-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, арык, чачы, көзү кара. Сол жак капталында операциядан калган тырыгы бар. Үстүнө күрөң түстөгү футболка кийин жүргөн.
Айназикти көргөн-билгендер болсо, Свердлов райондук милициясы төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
0 (312) 43-32-75, 0 (772) 05-20-00, 0 (556) 85-58-12, 0 (702) 22-85-05.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Паспорт бергендер кармалды деген жанылыгынар бугун жокко
Шилтеме менен кириңиз: https://www.super.kg/kabar/news/238625/