Өзбекстанда мас абалындагы күйөөсү аялынын жатынына сабиз тыгып салган. Операция учурун дарыгерлер видеого тартып интернетке жарыялаган
Өзбекстандын Сурхандарья облусунун дарыгерлери жатынына сабиз тыгылып келген бейтаптын операция учурун видеого тартып алышып, интернетке жарыялап жиберишкен. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бейтап аял күйөөсү тарабынан кордукка кабылган. Анда мас абалындагы күйөөсү аялынын жатынына сабизди тыгып салган. Бейтаптын операция учурун анын уруксаты жок дарыгерлер видеого тартып алышкан.
Көрүнүп тургандай, операцияга катышып жаткан медициналык кызматкерлер операция видеого тартылып жатканын билишкен. Дарыгердин жатындагы сабиз кош бойлуулуктан сактануучу жаңы каражат деп күлүп айтып жатканын угууга болот.
Дарыгер операция учуру видеого тартылганын жашырбай турганын, бирок ал видеону кызматкерлердин кимиси тартканы эсинде жок экенин билдирген.
Өзбекстанда мас абалындагы күйөөсү аялынын жатынына сабиз тыгып салган



















1 |