super.kg logo
  Саясат  

Кеңешбек Дүйшебаев: "Жаңы бийлик келип калыстык, мыйзамдуулук болсун дегени үчүн Канат Исаев үй камагына чыкты"

 

"Жаңы бийлик келип калыстык, мыйзамдуулук болсун дегени үчүн соттор жана тергөө органдары реалдуу иштерди жасап, Канат Исаевдин иши жакшы жакка чечилип отурат", - деп бүгүн, 19-июлда УКМКнын мурдагы жетекчиси, Канат Исаевди коргоо комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, тергөө учурунда Канатбек Исаевге карата бир нече жолу кысым болгон.

"Ал камалганда ага бийликтин өкүлдөрү келип, "өзүңдүн көз карашыңдан баш тарт, Өмүрбек Бабановго карата түз көрсөтмө бер. Эгер биздин айткандарды аткара турган болсоң анда камактан чыгарабыз, депутаттык мандатыңды да кайтарып беребиз, кызмат да беребиздешкен. Бирок Канат Исаев өзүнүн пикиринен кайтпаган соң бийлик аны соттогонго аракет кылды. Бирок анын ишинде кылмыштын курамы жок болчу. Сооронбай Жээнбековдун "кандай гана иш болбосун, акыйкаттыктын, мыйзамдуулуктун негизинде чечилсин" деп айтканынан кийин соттор, көзөмөл органдары жана тергөө органдары реалдуу иштерди жасап башташты. Дал ушунун арты менен ал үй камагына чыгып отурат. Канат Исаев учурда мандатынан ажыратыла элек. Эгер ал толук акталып чыкса, депутаттык ишин улантат. Учурда ал ден соолугуна жана үй-бүлөсүнө кам көрүүдө. Азыр аны саясат кызыктырбайт", - деди УКМКнын мурдагы жетекчиси.

Кечээ, 18-июлда Канат Исаев үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: