super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Адил Турдукулов: "Президент менен жолугушууда тандалма суроолор болгон жок, каалагандай пикирлерди айттык"

 

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал президент менен жолугушууга ар кайсы тармактагы 40 адам катышканын айтты. "Жолугушууда Кыргыз мамлекетинде кандай көйгөлөр болсо ошонун негизгилеринин баарысы айтылды деген ойдомун. Ал жерде бир гана жарандык активисттер эмес, эксперттер, маданий ишмерлер катышты. Ошондуктан ар кыл ойлор айтылды. Катышуучулар өзүнүн ойлогон маселелерин президентке жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Президент ар бир айтылган сөзгө, сын-пикирге дагы жооп берүүгө аракет кылды. Айтылган маселелерди жазып алып көз жаздымда калбаарына ишендирди. Бир эле формалдуу жолугушуу өттү деген сөз калбасын деп системдик түрдө жолугушуу болуп турсун деген каалоолор айтылды. Эки саатка пландалган чогулуш 4 саатка чейин созулду. Президент өлкөнүн өнүгүсүү жарандык коом менен өнөктөштүктө, кызматташтыкта болгондо боло турганын айтты. Мында атайын эрте даярдалган тандалма суроо болгон жок. Ар ким каалагандай пикирин айтты", - деди Турдукулов.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров, Алга Кылычов, Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: