super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Жолугушууга чакырылбай калгандардын нааразы болушу табигый көрүнүш"

 

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев төмөндөгүдөй жооп берди.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушканы дурус иш болду. Анткени президент шайлоодон кийинки учурда коомчулуктан алыстагандай сезилип жаткан. Азыр жолугушууга чакырылгандардын курамы боюнча бир топ нааразычылыктар социалдык түйүндөрдө жазылып жатат. Бул табигый эле көрүнүш, баарын чакырып, бир жерге чогултуу мүмкүн эмес. Ал эми Кыргыз улуттук филармониясы же дагы башка чоң залга жыйналыш өткөрсө, пикир алышууга мүмкүн болбой калат. Менин оюмча, учурдагы жигердүү иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын негизгилери толук эле камтылган, акыркы жылдарда коомдогу курч маселелерди таамай айтып, так көтөрүп жүргөн коомдук лидерлердин көбү чакырылыптыр. Эркин пикир алмашуу болсо өтө курч маселелер көтөрүлөрүнөн күмөн санабай эле койсо болот.

Президенттин мындан ары да иш алып баруу ниети болсо, анда кийинки жолугушууларды багыт-багыты боюнча өткөрүү максатка ылайык болот деп ойлойм. Мисалы,коомдогу демократиялык процесстерге, адам укуктары, саясий укуктар, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар боюнча аракет кылып жүрүшкөндөрдү өзүнчө чакырып жыйын өткөрсө, маселелер ыкчам чечилмек. Ошондой эле экология багытындагыларды, жаштар, балдар көйгөйлөрү, аялдар, үй-бүлө маселелери боюнча дагы чогулуш өтсө жакшы болмок", - деген пикирин билдирди Эмилбек Каптагаев.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: