super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Президент менен жарандык активисттердин мындай жолугушуусунан жыйынтык чыкпайт"

 

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.

Ал президенттин жарандык активисттер менен жолугушуусун айрым маалымат каражаттары мактап жазып жатышканына нааразы болду. "Айрым маалымат каражаттар президентке рахмат айтыш керек деп жазып жатат. Эмне үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек? Мамлекет башчы жарандык активисттер менен жолукканга милдеттүү. Буга чейин бир нече жолу коңгуроо кагылып, кээ бир активисттер президентке кат жазышкан. Сооронбай Жээнбеков активисттер менен жолугуп койсо эле өзгөрүүлөр болуп кетет дегенден алысмын. Анткени ал киши кайрылууларга кандай мамиле жасаганын билебиз. Мисалы, Мурат Тунгышбаевди экстрадициялоодо Жээнбековго кат жөнөткөнбүз. Жооп кана? Жок. Мөңгүлөр боюнча жазган катыбызга да жооп жок. Бүгүнкү жыйын жасалма болду. Жасалма болбосо эмне үчүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизген жок. Жашыра турган эмне бар? Жолугушуу ачык-айрым болушу керек. Чакырылган коноктор тууралуу тизмесин окудум, мен чакырбай койду деп таарынбайм. Мени таң калтырганы чакырылгандардын арасында жөн эле аты бар, бирок заты жоктор жүрөт. Бул жолугушуу өттү деген отчёт. Мындай чогулуштан майнап чыкпайт", - деди Токтонасыров.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Алга Кылычов, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: