super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Эдил Байсалов: "Мен президенттин суранычына кызматташууга эмес, кызмат кылууга даярмын деп жооп бердим"

 

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Эдил Байсалов төмөндөгүдөй жооп берди.

"Президент алардын бардыгы менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрө аларына даяр экендигин көрсөтө алды. Чынын айтсам,мамлекет башчы бүгүнкү жыйынды өткөрүү менен мени таң калтырды. Жолугушуу учурунда президент бир дагы суроодон качкан жок. Ал бардык курч суроолорго жооп берип, жүзү жарык экенин көрсөтө алды.

Ал эми кийинки жыйынтык тууралуу айтсам, баарыбыз эле мамлекет өнүксүн, ынтымактуу коом түзүлсүн деп тилек кылат эмеспизби. Президент да элди бириктирейин, ынтымакты чыңдайын, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бирге иш аткаралы, буга баарыңар көмөктөшкүлө деп бизден суранды. Биз мындай сунуштан эмне үчүн баш тартышыбыз керек. Жеке мен президенттин суранычына кызматташууга эмес, кызмат кылууга даярмын деп жооп бердим. Жолугушуу мен күткөндөн да жакшы өттү", - деген пикирин билдирди Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активисттер Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: