super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Бир жолугушуудан демократияны алдыга жылдыруу үчүн эч кандай майнап чыкпайт"

 

SUPER.KG порталынын "Президенттин жарандык активисттер менен бүгүн болгон жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова төмөндөгүдөй жооп берди.

"Сооронбай Шарипович өзү деле алдыда көптөгөн жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин айтты. Ошондой эле мындай жолугушуулар башка тармактын өкүлдөрү менен да мөөнөт сайын өтүп туруу керектигин баса белгиледи. Биз дагы бул боюнча бир нече сунуштарды бердик. Бул биринчи жолугушуу болгон үчүн бардык маселени талкуулай алган жокпуз. Жыйында эң негизги маселе катары сот реформасы, коррупция жана бийлик бутактарындагы реформанын жоктугу талкууланды. Жеке менин пикиримде, мындан ары жарандык коом менен президенттин ортосунда бири-бирине көмөктөшүп иштөө механизимдерин түзүү керек. Эгер ушунун баары жасалса, анда мындай жолугуушулар коомдун өнүгүшүнө, демократиянын алга жылуусуна сөзсүз таасирин тийгизет. Мурдагы президенттер дагы жарандык коом өкүлдөрү менен бир жолу жолугуп, убада берип, бирок ошо бойдон калып калчу. Мына ошондуктан жарандык коом менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болуп келген", - деген пикирни билдирди Динара Ошурахунова.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, жарандык активисттер Эдил Байсалов, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: