super.kg logo

Казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи Денис Тен 25 жашында киши колдуу болуп көз жумду

 

Казакстандык белгилүү муз үстүндөгү бийчи, "Сочи-2014" Олимпиадасында коло медаль тагынган Денис Тен киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Денис Тендин унаасынан күзгү уурдоого аракет кылып жатканда бийчи ууруларды байкап калган. Натыйжада алардын ортосунда жаңжал чыгып, уурулардын бири Денис Тендин жамбаш жагына бычак сайган.

Ал бычактан алган жаракатынан улам Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Денис Тен 3 литрге жакын кан жоготкондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок абалы оорлошуп, өзүнө келе албай каза болгон.

Белгилей кетсек, Денис Тен 1993-жылы 13-июнда Алматы шаарында төрөлгөн. Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Казакстандын муз үстүндө бийлөө боюнча 5 жолку чемпиону.

Денис Тендин улуту - корей. Ал Корея империясынын (1897-1910-жылдары өкүм сүргөн) белгилүү генералы Мин Гын Хонун урпактарынан болот.






Муз үстүндө бийчи Денис Тендин "Shanghai Trophy" мелдешиндеги бийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.07.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх жаш экен го
19.07.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ошо Корейстерге окшоп турат.Атайын кылган
19.07.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии байкуш жаман болгон экен
19.07.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул абдан белгилуу спортчу бала Казакстанда,казактар жакшы сыйлачу,Казакстандын желегин желбиретип журчу,окунучтуу..
Жаткан жери жайлуу болсун,жакындарына сабыр берсин.
20.07.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапжаш кетти. Окунучтуу... Ажалына арзыбаган кузгу себеп болуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: