Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына митингчилер чогулууда
"Кумтөр" маселесин тез арада чечүү жана өкмөттүн облустагы жаңы дайындалган өкүлү Эмил Каптагаевди кызматтан алуу талабы менен учурда Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына митингчилер чогулушууда. Түшкө чейин Жети-Өгүз районунда өткөн митингинде уюштуруучулар "Кумтөр" маселесин чечүү үчүн өкмөткө 2 апта убакыт бере тургандыктарын айтышкан. Ал эми коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов тургундардан сентябрга чейин убакыт берүүсүн суранган. Бирок алар буга макул болушкан жок.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

