super.kg logo

Жигит өлбөс болсочу. Дүйнө эли суктанган жаш спортчу Денис Тенди бүтүндөй спорт дүйнөсү эскерүүдө

 

Кечээ, 19-июлда Алматы шаарында казак элинин эң көрүнүктүү спортчуларынын бири, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси муз үстүндөгү жылдыз жанып келе жаткан бийчи Денис Юрьевич Тен уурулардын колунан көз жумду.

Аталган суук кабар бир гана боордош элди эмес, бүтүндөй спорт дүйнөсүн кайгыга салды. Денис Тен менен көптөгөн муз үстүндөгү шоулорго катышып жүргөн, Сочидеги Кышкы Олимпиаданын чемпиону Аделина Сотникова Денистин өлүмүн өтө оор кабыл алып, төмөндөгүдөй билдирүү жазган.

"Мен мындай жаңылыктарды уккан соң сүйлөшө да албайм. Бул адам менен муз үстүндө бирге бийлеп ал жөнүндө көп нерсе билем. Анын кандай иштерман экенин жана бардыгын кантип үйрөнгөнүн жакшы билем. Денистен бардык спортчулар үлгү алуусу керек. Андай адам жок! Эртең эмне болорун билбейсиң, балким, бул күн сенин жашооңдогу акыркы күнүң" деген билдирүүнү жазып Денистин апасына жана жакындарына көңүл айткан.

Ал эми Олимпиада оюндарынын 2 жолку күмүш медалынын ээси Евгения Медведева Денистин өлүмүнө ишенгиси келбей турганын жазган.

"Денис эң шайыр, өзгөчө жана муз үстүндөгү бийчилердин арасындагы эң креативдүү спортчулардын бириндей сезилчү. Денистин жоктугуна ишене албай турам жана ишенгим келбейт. Бардык жакындарына көңүл айтам. Мен анын кулкүсүн эч качан унутпайм", - деп жазган Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Медведева.

Белгилүү муз үстүндөгү бийчи Евгений Плющенко дагы Денистин жакындарына көңүл айтып, бүтүндөй спорт дүйнөсүнүн, Денистин элинин жана күйөрмандарынын аза-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

Ошондой эле өзүнүн эскерүүлөрүн муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунун, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү - Жереми Эбботт, Меган Дюамель, Чарли Уайт, Адам Риппон, Жонни Вейр, Алёна Савченко жана башка көптөгөн спортчулар билдирген.

Өзүнүн мекендешинин, досунун дүйнөдөн өтүп кеткенине ишене албай турган казактын көрүнүктүү өкүлдөрү да терең кайгыруу менен элине жана Денистин жакындарын көңүл айткан.

Ырчы Кайрат Нуртас Казактын көк туусун көккө желбиретип, элдин сыймыгы болгон Денис Тендин жоктугу анын жүрөгүн оорутуп турганын жазган.

Спортчу менен бир туугандай мамиледе болгон белгилүү ырчы, чет элдик сынактардын жеңүүчүсү Димаш Кудайберген Казактын жылдызы, намысы болгон спортчуга бир казак колдоо көрсөтмөк түгүл, бир казактын колунан каза таап жатканына ишене албай турганын билдирген.

Спортчунун жакындарына, ата-энесине жана бүтүндөй казак журтчулугуна өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев да көңүл айтып, Денис Тен Казак спортунун өнүгүшүнө зор салым кошкон жылдыз катары жана башка спортчулар үчүн үлгү болчу эң негизги адам катары өлкө тарыхында каларын билдирип, анын жүзүнөн жылмаюу кетпеген элеси бүтүндөй элдин жүрөгүндө сакталарын билдирген.

Денис жергиликтүү телеканалдардын бирине берген интервьюсунда төмөнкүдөй сөздөрдү айткан:

"Сенин ким экениң көп деле мааниге ээ эмес. Сен биринчи кезекте адамсың. Адамдын жашоосу өтө назик нерсе, эртең эмне болуп кетерин сен эч качан билбейсиң", - деп айтканы бар.









Денис Тен

Муз үстүндө бийчи Денис Тендин "Shanghai Trophy" мелдешиндеги бийи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
20.07.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менда сыйлайт элем бул спортчуну, атин арман арабыздан эрте кетти
20.07.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
aksuu_aduk,сен кайдан тааныйт элен аны?
20.07.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Олтурбой эле алчуусун алып, жок дегенде урумуш болуп кетишсе эмне мыкаачылар таппай кала тургансып ((Келечекте Казакстандын Плющенкосу болот го дечумун ((
20.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул жигитти муз уйтундо бийлоо спорт туруно жалпы эле спортко кызыккан адамдарга жакшы тааныш. Силер спорттун "с"сын тушунбосонор бул жигитти кайдан таанымак эленер
20.07.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бугун барбыз, эртен жокпуз.
20.07.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барыбыздын барар жерибиз бир.Тим эле олбочудой жазылып артистер
20.07.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сенин ким экениң көп деле мааниге ээ эмес. Сен биринчи кезекте адамсың. Адамдын жашоосу өтө назик нерсе, эртең эмне болуп кетерин сен эч качан билбейсиң", - деп балким сезгендир. Неге бир кун кетеерибизди билип бири-бирибизге зыян келтиребиз, журогун оорутабыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: