III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойнотула турган медалдар топтомуна 1 миллион 200 миң сом коротулат




III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойнотула турган медалдарга 1 миллион 200 миң сом коротулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр үчүн 594 медаль сатып алынат. Биринчи даражадагы "III World Nomad Games" спорттук медалы колодон жасалып, үстүнө алтын жалатылып жана тунук, түстүү эмаль менен капталышы керек. Медаль 12 бурчтуу жылдыз формасында болот. Түндүктүн асты жагында Кыргыз жеринин картасы түшүрүлөт.
Ал эми 2-3 даражадагы "III World Nomad Games" медалдары сыртына күмүш жалатылып, түстүү эмаль менен капталышы керек. Мындан сырткары жыгач кутучадагы 104 эстелик медалы жасалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-2

Олкобуздун казынасынан миллион кетсе андан эки уч эсе ком тушсун демекмин
Илгери ата-бабаларыбыз бул сыймыгыбыз болгон колго келип жуз чайып, ыйык тутушчу экен, азырчы?!! Колду булгап жатканга маашырланып жатабы?!!
Буга чейин миллиарддап акча сапырылды, ошонун 1/10 кайттыбы эч болбосо?
Тигине, ким бироолордун ини-карындаштары же уул-кыздары авариялык мектепте окуп жатат. Айрымдарынын жакындары оору менен алышып дары-дармекке акчасы жок. Мугалим, врач ж.б. арзыбаган маянага эптеп кун коруудо. Ал эми башкаларына оюн-зоок керек имиш!!!
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр өчүрүлдү!